Президентти Кытайга кимдер коштоп кетти? Тизме
Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда, Кытайдын Пекин шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада – 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:
– Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
– Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
– Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Канайым Бактыгулова;
– Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
– Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев.