Президентти Кытайга кимдер коштоп кетти? Тизме

Президентти Кытайга кимдер коштоп кетти? Тизме

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда, Кытайдын Пекин шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада — 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:

— Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

— Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Канайым Бактыгулова;

— Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

— Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>