Президенттик администрацияда жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери боюнча жыйын өттү

09.09.2025 | 09:47

Президенттик администрацияда өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңештин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
 
Жыйында Кыргызстанда жасалма интеллектти өнүктүрүү концепциясынын долбоору талкууланган.

Эдил Байсалов негизги багыт жасалма интеллектти мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн түп-тамырынан бери жакшыртуу үчүн пайдалануу болушу керектигин баса белгилеген. Анын айтымында, алдыңкы технологияларды киргизүү мамлекеттик башкаруу системасын модернизациялоо менен гана чектелбестен, туруктуу экономикалык өсүшкө жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга түрткү болот.
   
Жыйындын катышуучулары жасалма интеллектти ар кандай тармактарда колдонуунун келечегин талкуулап, жасалма интеллект технологияларын этап-этабы менен киргизүүнүн конкреттүү кадамдарын аныкташкан.

Scroll to Top