Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
«Вефа» соода борборунда топ балдар аялына тийишип, күйөөсү менен мушташкан
09.09.2025 | 09:33

Бишкектеги «Вефа» соода борборунда аялга асылган жигиттер анын күйөөсү менен мушташ чыгарды.
Аялдын айтымында, ал күйөөсү менен дүкөн аралап жүргөндө жигиттердин бири ага тийишкен. Күйөөсү эскертүү айткан соң, жаштар ага кол көтөрүп, чыр күчөгөн.
Жабырлануучунун билдирүүсүнө ылайык, жигиттердин колунда бычак болуп, алар күйөөсүн коркутушкан. Ал учурда айланасындагы адамдар болуп жаткан окуяны карап гана турушкан. Кийинчерээк эки эркек жубайларды коргоп чыккан.
Аял окуядан кийин милицияга арыз менен кайрылганын айтты.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар