Президенттик аппарат Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт деген маалыматты төгүндөдү  

Президенттик аппарат Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт деген маалыматты төгүндөдү  

Эртең, 20-апрелде президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынын жабык түрдө өткөрөт деген маалымат жалган. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-апрелде «24.kg» маалымат агенттиги  «Первый под председательством Садыра Жапарова Совет безопасности обсудит важное» деген аталыштагы материалды жарыялап, өздүк булактарына шилтеме берүү менен 20-апрелде Коопсуздук кеңешинин жыйыны жабык эшик артында өткөрүлөрүн жазган.

Буга байланыштуу, президенттин басма сөз кызматы аталган маалыматты төгүндөгөн билдирүү таратты. Анда президенттик аппараттын иш-чаралар графигинде 20-апрелде Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүү пландаштырылбаганын жана буга чейин дагы ушул датада өткөрүү белгиленбегендигин жазылат.

 «24.kg» маалымат агенттиги жарыялаган маалымат коомчулукту адаштырган жалган жана чындыкка дал келбеген маалымат болуп саналат. 2021-жылдын 13-январында дагы «24.kg» маалымат агенттиги «Ак үйдөгү булактарга» шилтеме берүү менен «Инаугурация Садыра Жапарова. Когда и где она пройдет, и кого пригласили» деген маалымат жарыялаган. Анда Садыр Жапаровдун инаугурациясына Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган, Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев жана башкалар чакырылганы белгиленген. Бул маалымат дагы чындыкка дал келбеген маалымат болгон. «24.kg» маалымат агенттигин жана жогорудагы материалдардын автору, басылманын кабарчысы Бактыгүл Осмоналиеваны маалыматтын ишенимдүүлүгүнө жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырабыз”, — деп айтылат билдирүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>