Президенттик аппараттын тышкы саясатын Дастан Дүйшөкеев тескеп жатат

Президенттик аппараттын тышкы саясатын Дастан Дүйшөкеев тескеп жатат

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп 33 жаштагы Дастан Дүйшөкеев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 17-ноябрда кол койгон.

Белгилей кетсек, Дастан Дүйшөкеев 14-октябрдан 14-ноябрга чейин өкмөт башчылыкка бекитилген Садыр Жапаровдун маалымат катчысы жана кеңешчиси болуп иштеген.

Ал 1987-жылы 12-декабрда төрөлгөн. Кыргыз улуттук университетин, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясын аяктаган.

«Мегаком» компаниясында жана жеке компанияларда иштеген, Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы да болгон.

Октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынын Ысык-Көл облусу боюнча координатору болуп эмгектенген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>