Борбордук шайлоо коммиссиясы президенттик шайлоону өткөрүү үчүн басып чыгаруу жумуштарына тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Жалпы аткарыла турган жумуштардын пландалган суммасы 3 млн 103 миң 440 сом деп көрсөтүлгөн.
Тендердик сынакка катышууну каалагандар 9-декабрга чейин тапшырык берүүсү керектиги жазылган.