Абдил Сегизбаев Садыр Жапаровду ачык дебатка чакырды – видео

Абдил Сегизбаев Садыр Жапаровду ачык дебатка чакырды – видео

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы, президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берген Абдил Сегизбаев премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырган Садыр Жапаровду ачык дебатка чакырды.

Бул туураулу ал “Азаттыкка” берген маегинде билдирип, он күндөн бери ага бийликтегилер ортомчулар аркылуу талапкерлигин алдыруу аракетин жасап жана ар кандай кызматтарды сунуштап жатканын айтты.

“Мен эң күчтүү талапкер деген адамды дебатка чакырам”, — деди. Ал эми журналисттин тактоо иретинде берген суроосуна күчтүү талапкер делген адам Садыр Жапаров экенин бышыктады.

“Ооба, ошол киши жөнүндө айтып жатам. Бетме-бет сүйлөшөлү. Артыбыздан сөз кылбайлы. Эгер эркек болсо, түзмө-түз мага чыксын, дебаттан ар бирибиз өз чындыгыбызды айталы. Кимдин-ким экенин, кимдин кызыкчылыгын көздөп жатканын, кандай максат менен кыргыз элин башкарам деп келе жатканын ошол жерден сүйлөшөлү” – деди Сегизбаев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>