Президенттик шайлоону өткөрүүгө 500 миллион сом коротулат

Президенттик шайлоону өткөрүүгө 500 миллион сом коротулат

Президенттик шайлоону өткөрүүгө 500 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу маалымат жыйынында вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди. 

«Кечээ президенттик шайлоону өткөрүү үчүн түзүлгөн штабдын жыйыны болду. Анын алкагында президенттик шайлоодо коротула турган каражаттын суммасы айтылды. Экономика министрлигинин билдиришинче буга жарым миллиард сом бөлүнгөн», — деди президенттик шайлоону өткөрүү штабынын жетекчиси.

Ошондой эле Мамытканов шайлоого коротула турган каражат баары мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөнүн, шайлоого сырттан каржылык колдоо болбогондугун кошумчалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>