Президенттикке талапкер болгусу келгендердин саны сегизге жетти

Президенттикке талапкер болгусу келгендердин саны сегизге жетти

Абдыкаар Сыдыков президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-ноябрда Президенттик кызматка өзүн — өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу 1959-жылы туулган, пенсиядагы Абдыкаар Токтобекович Сыдыковдон БШКга арыз  түшкөн.

Буга чейин президенттик шайлоодо талапкер болуп катышуу үчүн Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев жана Канатбек Исаев БШКга арыз берген.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. Талапкер болгусу келгендер 14-ноябрга чейин документтерин тапшырышы керек.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>