Кыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлдуДүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну аймактын энергетикалык коопсуздугунун негизги фактору деп атадыМаданият кызматкерлеринин айлыгы 35 миң сомго чейин көтөрүлүп, 117 мекемеге кызматтык унаа берилетСузакта алимент төлөөдөн качкан жаран 1 жылга эркинен ажыратылдыОшто соцтармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалдыКыргызстандык мектеп окуучулары эң мыкты дилбаян үчүн Швейцарияга саякат утуп алышат
Прокуратура: Нарындын мэри жана башкы салыкчысы айыпка жыгылды
17.03.2023 | 18:01
Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жана шаардык салык кызматынын башчысы жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалым болгондой, Нарын облустук прокуратура Нарын шаарынын мэрин жана салык кызматынын башчысын Салык кодексинин контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жетишерлик деңгээлде жүргүзүшпөгөндүгү үчүн “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 435-беренеси (“Кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуусу”) боюнча жоопкерчиликке тарткан. Аларга 10 миң сомдон айып салынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом