Психикалык жактан жабыркаган 28 жаштагы жигиттин жакындары изделүүдө

Психикалык жактан жабыркаган 28 жаштагы жигиттин жакындары изделүүдө

Психикалык жактан жабыркаган 28 жаштагы жигиттин жакындары изделүүдө. Бул тууралуу борбор калаанын милициясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын психикалык жактан жабыркагандарды дарылоо борборуна “Тез жардам” кызматы менен 30 жаштардагы жаран жеткирилген. Ал өзү  аты жөнү Жунусова Эламана Исмаилович экендигин, жашы 28де экендигин билдирген.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунда төрөлгөндүгүн, учурда Бишкек шаарындагы “Старый толчок” конушунда жашаарын айткан.  Бирок так дарегин айталбай, ал жака алып барышканда жашаган жерин көрсөтүп бере алган эмес. 

Учурда аталган жаран өзү тууралуу да жакындары тууралуу да так маалымат бере ала турган абалда болбогондуктан борбор калаанын милициясы жакындарын табышууга жардам сурайт. 

Сүрөттөгү жигит тууралуу маалымат билгендер болсо, же жакындарын тааныгандар болсо төмөндөгү телефондорго кабарлап коюну өтүнөт. 

0 554 102-199;

0 312 486-417;

102.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>