Психотроптук дарыларды ташып келип, сатып жүргөн. Бишкекте фармацевт кармалды
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана Свердлов райондук милициясы биргелешип Бишкекте психотроптук жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди мыйзамсыз сатып келген фармацевтти кармашты.
Текшерүүдө 46 жаштагы К.З.Н. көп убакыттан бери психотроптук жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди аткезчилик жолу менен ташып келип, сатып келгени аныкталган. Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери бир нече жолу көзөмөлдүү сатып алуу жүргүзүшүп, психотроптук заттардын кезектеги партиясы үчүн белгиленген акчаны алган учурда аял кармалган.
Тинтүү маалында «Л» психотроптук заты, күчтүү таасир этүүчү «Т» дарысынын флакондору, ошондой эле лицензиясы жок, аткезчилик жолу менен алынган дары-дармектер табылып алынган. Кармалган жаран камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

