Орусиянын Конституциясына киргизилген жаңы өзгөртүүлөр Мамлекеттик Дума тарабынан 380 добуш менен колдоо тапты.
Конституцияга киргизилген жаңы өзгөртүүгө ылайык, Владимир Путин 2024-жылы президенттикке талапкерлигин коё алат.
“Мындай вариант болушу мүмкүн. Бирок Конституциялык сот мындай өзгөртүү Баш мыйзамдын принциптерине жана негизги жоболоруна каршы келбейт деп расмий тапса гана ишке ашырылышы керек”, — деген Путин.
Эгер Владимир Путин 2024-жылкы шайлоодо президенттикке талапкерлигин коюп, жеңишке жетсе ал дагы бир мөөнөткө өлкө президенти болуп кала алат. Учурда Путин 67 жашта.