22-апрелге белгиленген референдумда Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр элдин добушуна коюлмак. Алардын арасында Путиндин буга чейинки президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарып, кийинки жолу да шайлоого катышууга укук берген жобо бар.
«Элдин саламаттыгы, өмүрү жана коопсуздугу биз үчүн артыкчылыктуу маселе», — деди Путин.
Орус өкмөтү коронавирусту 700дөй адам жуктуруп алганын билдирген. Вице-премьер-министр Татьяня Голикованын айтымында, соңку бир суткада бул илдетке чалдыккандардын саны үч эсе көбөйдү.