Путиндин коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүнө бир күн болду. Ал өзүн кандай сезүүдө?

Путиндин коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүнө бир күн болду. Ал өзүн кандай сезүүдө?

Орусиянын президенти Владимир Путиндин коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүнө бир күн болду. Учурда өлкө башчы өзүн жакшы сезүүдө. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков жергиликтүү маалымат булактарына билдирген.

«Президент өзүн жакшы сезип жатат» деди Песков, эмдөөдөн бир күн өткөндөн кийин мамлекет башчысынын абалы кандай жана мүнөздүү белгилери барбы деген суроого.

Президенттин өкүлү ошондой эле вакцинанын экинчи компоненти президентке «убагында» бериле тургандыгын ырастады.

Путин коронавируска каршы Орусияда катталган үч эмдин бири менен 23-мартта эмделген. Кремль кайсы дары колдонулганын так айткан жок. Мамлекет башчысы эмдөөдөгү кадрларды жарыялабоону чечти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>