Путинге кол салууга чакырык жасаган сүрөттөрдү тартууга шектелип, кыргызстандык жаран камалды

Путинге кол салууга чакырык жасаган сүрөттөрдү тартууга шектелип, кыргызстандык жаран камалды

Санкт-Петербург шаарынын Октябрь райондук соту имараттарга Орусия президенти Владимир Путинге кол салууга чакырык жасаган сүрөттөрдү тартууга шектелген кишини камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу «Интерфакс» кабарлады.

Маалыматка караганда, 22 жаштагы жигитке «Вандализм» жана «Террордук ишмердүулүккө ачык чакырык жасоо» беренелери боюнча күнөө коюлуда.

Тергөөнүн жүрүшүндө ал Интернет аркылуу П., аттуу жаран менен 5 миң рублге келишим түзүп, ага Орусия президентинин сүрөтүн тартып, алдына «Көрсөң өлтүр» деп жазылган трафарет даярдап берүүнү, андан соң бул сүрөттү боек жана трафареттин жардамы менен Петербургдагы имараттардын фасаддарына тартууну сунуштаганы аныкталган.

27-январда алты имаратка сүрөт тартылганы белгилүү болду. Шектүү күнөөсүн мойнуна ала элек. Соттун чечими менен ал 27-мартка чейин камалды. Анын өнөктөшүнүн бөгөт чарасы каралууда.

Орусиялык басылмалардын билдиришинче, эки киши тең Кыргызстандын жараны.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>