Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
«Рабочий городокто» мамы үйдүн үстүнө кулап калышы мүмкүн. Аны муниципалитет орноткон
20.11.2025 | 11:41
«Рабочий городок» конушунун Асаналиев көчөсүндө бетон мамы жанындагы үйдүн тарапка кыйшайып, кулап калышы мүмкүн. Бул тууралуу окурман билдирип, «Элдик репортер» рубрикасына ошол мамыны көрсөтүлгөн видеосун жөнөттү.
Анын айтымында, азыр мамы зымдардын жардамы менен гана туруп турат. Ал 2025-жылдын октябрында тротуарларды реконструкциялоо маалында орнотулган.
«Бул жерде столбдорду жана зымдарды алмаштырышкан, ал эми бул мамы дээрлик дароо эле кыйшая баштаган», — деп билдирди окурман.
Ошондой эле ал тургундар мэрияга жана «Бишкектеплоэнерго» муниципалдык ишканасына кайрылышканын, бирок бүгүнкү күнгө чейин жооп алышпаганын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом