Равшан Жээнбеков кармалып, тергөөгө жеткирилди

11.10.2020 | 15:09

Шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда абактан чыккан саясатчы Равшан Жээнбеков кармалып, ИИМдин тергөө кызматына жеткирилди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, Равшан Жээнбеков Ала-Тоо аянтында болгон  башаламандык боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Бишкек шаарындагы кафелердин биринен кармалган.

Азыркы учурда ал ИИМдин тергөө кызматында сурак берип жатканы айтылат.

Бугүн, 11-октябрда Равшан Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакыртылып, кайра кое берилген.

Белгилей кестек Равшан Жээнбеков шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда бир нече саясатчы сыяктуу эле абактан чыгарылган.

10-октябрь күнү УКМК менен ИИМдин биргелешип өткөргөн операциясынан кийин Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагынбаев, Дамир Мусакеев, 11-октябрь күнү Салайдин Авазов кармалган.

Башкы прокуратура 10-октябрь күнү билдирүү таратып, абактан чыгып кеткендердин баарын өз ыктыяры менен кайра абакка кайтууну талап кылган.

Scroll to Top