ЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасады
Раззак Бейшекеев Азия чемпионатынын алтыны үчүн күрөшөт
16.04.2024 | 13:51
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Раззак Бейшекеев (67 кг) Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты.
Бейшекеев таймашты квалификациялык баскычтан баштады. Биринчи беттешинде ал монголиялык балбанды 14:0 эсебинде жеңди. Чейрек финалда казакстандык спортчу менен күч сынашып, аны 7:1 эсебинде утту.
Ал эми жарым финалда Бейшекеев 2:1 эсебинде Кореянын балбанына жеңилүү ызасын тарттырды.
Эми ал алтын үчүн ирандык спортчу менен күч сынашат.