Бишкекте жолго заара ушатып, ичимдик ичкен жолчулар милицияга жеткирилди (видео)

Бишкекте жолго заара ушатып, ичимдик ичкен жолчулар милицияга жеткирилди (видео)

Бишкекте көчөдө жолго заара ушатып, ичимдик ичкен жолчулар милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин активист Болот Ибрагимов соцтармактагы баракчасына жолду оңдоп жаткан «Бишкекасфальтсервистин» кызматкерлери ичимдик ичип, бирөөсү жолго заара ушатып жатканы тартылган видеону жарыялаган.

Аталган фактыга байланыштуу милицияга 27 жаштагы А.И., 53 жаштагы С.Р., 46 жаштагы С.Ж., 51 жаштагы М.Б. жана 46 жаштагы М.М. аттуу жарандар  жеткирилген.

Алардын ичинен 46 жаштагы М.М. аттуу жаранга (жолго заара ушаткан) Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси боюнча протокол түзүлүп, соттун чечими менен ал 3 күнгө камакка алынган.

Калган төрт жаранга  127-берене (коомдук жайда ичимдик ичүү) боюнча протокол түзүлгөн. Бул берене боюнча 1 миң сом айып же 20 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу жазасы берилет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>