Мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алды. Жыйынга катышып жаткан депутаттардын көбү макул, 4 депутат каршы добуш берди.
Депутат Өмүрбек Текебаев мыйзам долбоору өтпөгөнүн жана анын кабыл алынышын мыйзамсыз деп билдирди.
Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоорун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров.