Референдум эл аралык стандарттын негизинде өттү, — ТүркПА

Референдум эл аралык стандарттын негизинде өттү, — ТүркПА

Шайлоо процесси катышуу жогорку деңгээлде өттү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) жетекчиси жана Түркиянын Улуттук курултайынын депутаты Шекер Реджеп билдирди.

Анын айтымында, жыйынтыкталган шайлоо бул өлкөнүн келечеги үчүн жасалган кадам.

“Өлкөнүн демократиялык жактан өсүүсүнө шайлоолор таасирин тийгизет. Белгилесем, БШК элдердин саламаттыгына кам көрүү үчүн тийиштүү чаралардын баарын көрүптүр. Биздин максатыбыз Координациялык кеңешке шайлоо учурунда толук кандуу маалымат берүү болчу. Биз шайлоо тилкелерин кыдырып чыктык, байкоочулар, аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү жана шайлоочулар менен сүйлөштүк, биздин миссия көз карандысыздык жаатында жакшы жетишкендиктер жана таза добуш берүү болгонун баса белгилейт”, — деди ал.

Ошондой эле ал референдум эл аралык талаптарга ылайык өткөнүн айтып, жыйынтыгы Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн, түрк эли үчүн жана бүткүл дүйнө үчүн кызмат кыларын баса белгилеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>