REPORTER.KG кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт

REPORTER.KG кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт

Reporter.kg маалымат агенттиги кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт.

Бүгүн, 31-августта биз өлкөнүн башкы майрамы — Эгемендүүлүк күнүн белгилейбиз. 29 жыл мурун, 1991-жылы 31-августта Кыргызстандын Мамлекеттик көзкарандысыздыгы жөнүндө Декларация кабыл алынган. Бул күн өлкөбүздүн тарыхындагы маанилүү баракты ачты. Дал ушул күнү Кыргызстан эли үчүн жаңы убакытты саноо башталды.

Урматтуу кыргызстандыктар! Бул маанилүү майрам менен куттуктап, баарыңыздарга чың ден-соолук, бакубат жашоо жана туруктуулук каалайбыз! Ар бир үйдө тынчтык, ынтымак жана өз ара түшүнүшүү орносун. Эгемендүүлүк күнүңүздөр менен!

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>