Республикалык олимпиаданын үчүнчү этабы башталды

Республикалык олимпиаданын үчүнчү этабы башталды

Бүгүн, 24-мартта мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын үчүнчү этабы башталды. Олимпиада Бишкек, Ош шаарларында, облусттук борборлордо өтүп жатат. Ага жалпысынан экинчи этапта 1-2-орундарды алган 1 миң 988 мектеп окуучусу катышууда. Бул тууралуу Билим берүу жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Олимпиадалык тапшырмаларды Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору иштеп чыккан. Олимпиада өтчү жерлерге атайын окутулган лидерлер жана администраторлор барышкан.

Олимпиаданы уюштурууга жоопкерчилик Бишкек, Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарына, ошондой эле областтук билим берүү институттарына жана методтикалык борборлорго жүктөлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>