Кыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлдуДүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну аймактын энергетикалык коопсуздугунун негизги фактору деп атадыМаданият кызматкерлеринин айлыгы 35 миң сомго чейин көтөрүлүп, 117 мекемеге кызматтык унаа берилетСузакта алимент төлөөдөн качкан жаран 1 жылга эркинен ажыратылдыОшто соцтармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалдыКыргызстандык мектеп окуучулары эң мыкты дилбаян үчүн Швейцарияга саякат утуп алышат
Режеп Тайып Эрдоган I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды
05.11.2024 | 16:49
Президент Садыр Жапаров Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайып Эрдоганга I даражадагы “Манас” орденин тапшырды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Бул сыйлык Режеп Тайып Эрдоганга Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, эки элдин биримдигин жана достугун чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыйгарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом