Бишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кести
Россия Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Кыргызстанга келди
18.05.2025 | 19:33
Бүгүн Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин расмий сапар менен Кыргызстанга келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев тосуп алды.
Сапардын алкагында Володин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен жолугушат. Мындан тышкары, ал Бишкек шаарында өтө турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин көчмө жыйынына катышмакчы.
Бул жолугушуулар эки тараптуу парламенттер аралык кызматташууну чыңдоого жана регионалдык коопсуздук маселелерин талкуулоого багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар