Дүйнөлүк маалымат каражаттары 15-майда Стамбулда орус президенти Владимир Путиндин сунушу менен Украинаны жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр күтүлөөрүн жазып чыкты. Бул жолугушуу 2022-жылдын мартында Москва менен Киевдин делегаттары Босфордун жээгиндеги Долмабахче сарайында диалог өткөргөндөн бери Россия Федерациясы менен Украинанын ортосундагы биринчи түз байланыш болушу мүмкүн.
Орус делегациясын Россия президентинин жардамчысы Владимир Мединский жетектейт.
Ага 2022-жылдагыдай эле коргоо министринин орун басары Александр Фомин да кирет. Тышкы иштер министрлигин сүйлөшүү тобуна КМШ мейкиндигине жооптуу министрдин орун басары Михаил Галузин катышат.
Делегациянын курамында Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башкы башкармалыгынын башчысы Игорь Костюков да болот.
Үй ээси катары Түркиядан тышкары АКШнын жогорку даражалуу өкүлдөрү да катышат.
АКШнын президенти Дональд Трамп мурдараак мамлекеттик катчы Марко Рубио жана башка америкалык расмий өкүлдөрдүн Украина боюнча пландалган сүйлөшүүлөр үчүн Түркияга барарын билдирген. Ак үйдүн басма сөз катчысы журналисттер менен болгон маегинде Стамбулга АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Виткофф жана АКШнын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог дагы барарын айтты. Трамп эгер сүйлөшүүлөр үчүн пайдалуу болсо, өзү Стамбулга учуп кете аларын четке каккан жок.
Путиндин сунушу
Атайын аскердик операция учурунда орус тарап украин жаңжалын дипломатиялык жол менен жөнгө салууга даяр экенин бир нече жолу баса белгилеген. 10-майдан 11-майга караган түнү Путин Стамбулда 15-майдан тарта Украина менен түз сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону сунуштады.