Россияда эмгек мигранттарына өлкөгө үй-бүлөсүн алып келүүгө тыюу салуу пландалууда

Россияда эмгек мигранттарына өлкөгө үй-бүлөсүн алып келүүгө тыюу салуу пландалууда

Россияда эмгек мигранттарына өлкөгө үй-бүлөсүн алып келүүгө тыюу салуу пландалууда.

РИА Новости жазгандай, тиешелүү мыйзам долбоорун Леонид Слуцкий башында турган ЛДПР партиясы Мамлекеттик думанын кароосуна киргизет. Аталган документте Россиянын жарандыгы жок болгон, эмгек келишим же патенттин негизинде иштеген төмөнкү квалификациядагы адистерге үй-бүлөсүн Россияга алып келүүгө тыюу салуу каралган. Эгер чет элдик жогорку квалификациядагы адис болсо, мыйзам ага тиешелүү болбойт.

Слуцкий эмгек мигранттарынын үй-бүлөсү аларды мекенинде күтүшү керек деген пикирде.

«Бул жакта иштеп жаткан чет элдиктердин жакын туугандары Россияга келип, анклав болуп жашашат, өз тилинде сүйлөшөт, жергиликтүү тургундарга тоготпогондой мамиле жасашат. Мигранттар турган батирлер коммуналдык кызматтар үчүн акча төлөбөй жүрүп, чоң карыз топтоп койгон, ал маселени үй ээлери чечүүгө аргасыз болгон учурлар көп. Бул маселелердин баарын жокко чыгарып, квалификациясы жок чет элдиктерге бул жакта иштеп жаткан маалда үй-бүлөсүн алып келүүгө тыюу салуу керек. Келдиңби, иштедиңби – кайра үйүнө кайт. Башка сөз да болбош керек», — дейт Слуцкий.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>