Россияда иштеген Кыргызстандын жараны Турду Акматалиев «Фейсбуктагы» билдирүүсү үчүн кармалып, Кыргызстанга алынып келип, камалган. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
Маалым болгондой, Турду Акматалиев быйыл 22-мартта Красноярск шаарынан кармалып, 28-октябрда Кыргызстанга алып келинген.
Жакындарынын айтымында, 63 жаштагы Турду Акматалиев «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү болгон. Ал 2017-жылдан бери Россияда курулуш тармагында эмгектенип жүргөн.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) боюнча айып тагылууда. 31-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 30-ноябрга чейин камакка алуу чечимин чыраган. Бул маалыматты соттон ырасташты.