ЖККУ мыйзамсыз миграцияга каршы «Нелегал-2026» операциясынын планын бекиттиСадыр Жапаров менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, кызматташтык маселелерин талкуулаштыЫсык-Көлдөн 6 миң метрден ашуун синтетикалык тор чыгарылдыОрусиянын элчиси Сергей Вакунов: «Этникалык негиздеги жаңжалдар — бул иш жүзүндө мамлекеттин өлүмү»Адылбек Касымалиев ЕАЭБ жыйынында миграция жана логистика маселелерин көтөрдү«Манас» эл аралык аэропортуна жаңы унаа жол курулат
Россияда нацисттердин колунан жабыркаган совет элинин геноцид курмандыктарын эскерүү күнү бекитилди
30.12.2025 | 14:12
Россиянын президенти Владимир Путин жаңы эскерүү датасын — Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында нацисттер жана алардын көмөкчүлөрү тарабынан жасалган совет элинин геноцид курмандыктарын эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө мыйзамга кол койду. Ал жыл сайын 19-апрелде белгиленет. Мыйзам долбоору Мамлекеттик Думага депутаттар тобу тарабынан ноябрь айында эле сунушталган болчу.
Мыйзамдын демилгечилери бул датаны нацисттердин кылмыштары тууралуу тарыхый чындыкты сактап калуу максатында бекитүүнү сунушташкан. Эскерүү күнүн белгилөө СССРдин тынч жаткан калкынын арасындагы миллиондогон курмандыктарды эскерүүгө жана аларга таазим кылууга багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом