24 жана 25-июнда саат 19:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын сахнасында Россиянын Чоң театрынын солисттери биринчи жолу концерт беришет.
Маданият министрлигинин маалыматында белгиленгендей, гала-концертте легендарлуу балеттерден фрагменттер тартууланат.
Алар:
Ромео жана Джульетта, Ак куу көлү, Корсар, Париждин жалындары, Спартак, Дон Кихот жана башка дүйнөлүк шедеврлер.
Сахнада — жаркыраган прима-балериналар жана Чоң театрдын белгилүү артисттери Артемий Беляков, Егор Геращенко, Елизавета Кокорева, Кристина Кретова, Элеонора Севенард, Дмитрий Смилевски, Юлия Степанова, Игорь Цвирко.
Мунун бардыгын маэстро Алексей Богораддын жетекчилиги астында атактуу Чоң театрдын оркестри (50дөн ашык музыкант) коштойт.
Гастроль КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өткөрүлөт.