Роза Отунбаева: Маевский менен жолугууга мүмкүн эмес болчу. Ал күнү Текебаев мага жардам берген

Роза Отунбаева: Маевский менен жолугууга мүмкүн эмес болчу. Ал күнү Текебаев мага жардам берген

Бүгүн, 26-ноябрда Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланууда. Анда экс-президент Роза Отунбаева көрсөтмө берди.

Отунбаева Леонид Маевский, Алексей Модин жана 2010-жылдагы Ош коогалаңынын тегерегиндеги суроолорго жооп берди.

«12-майда биз Ата-Бейитте элек. Анткени ошол күнү Апрель революциясынын курмандыктарына 40 күн болгон. Андан бир күн өтүп, 13-майда өлкөнүн түштүгүндө баш аламандык башталып кетти. Албетте, буга Бакиевдердин бийликти кайра алуу максаты себеп болгон. Ошол күндөрү Чотонов ал жактагы кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтүү үчүн жөнөтүлгөн. Текебаев ал күнү Ошко учуп кетүүгө даярдыктарды көрүп жаткан. Бирок өлкө башчынын, тагыраагы менин жанымда калды. Себеби борбордогу абалды дагы көзөмөлгө алуу керек эле. Демек 12-13-май күндөрү Текебаев менен Чотонов “Супара” тамактануучу жайында болушу мүмкүн эмес эле», — деди Отунбаева.

Белгилей кетсек, Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден  «пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы 8 жылга эркинен ажыратылышкан. Ал эми Маевский Орусияда алдамчылыкка шектелип, камакка алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>