2 жашар кыз ажаатканадан көз жумду

2 жашар кыз ажаатканадан көз жумду

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кең-Сай айылында 2 жашар кыз ажаатканага кокусунан түшүп кетип каза тапкан. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Кең-Сай айылдарынын биринде 2019-жылы туулган Н.А атту кыз коопту жайга түшүп кеткен. 4 куткаруучу келгенче, наристенин сөөгүн туугандары чыгарып алышкан.

Наристенин үйүндө кимдер болгон, кароосуз калган же калбаганы боюнча маалыматтар жазылган эмес.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>