Аксыда акчасыз бүтпөй турган адамдын үйүн айылдаштары бүтүрүп беришти, — сүрөт

Аксыда акчасыз бүтпөй турган адамдын үйүн айылдаштары бүтүрүп беришти, — сүрөт

Жалал-Абадда акчасы жетпей, үйү бүтпөй турган адамдын үйүн айылдаштары бүтүрүп беришти. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун баш имам хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыковдун демилгеси менен Ак-Дөбө участкасынын жашоочулары жардамга муктаж үй-бүлөгө колдоо көрсөтүшкөн.

Аталган үй-бүлө там салып, бирок чатырын жабууга каражаты жетпей калган. Буга байланыштуу жергиликтүүлөр курулуш иштерине 70 миң сом берип, үйдүн чатырын жабууга кол кабыш кылышкан.

[su_image_carousel source=»media: 41890,41891,41892″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>