Алтынбек Сулайманов сурактан чыкты. Эмне деди?

Алтынбек Сулайманов сурактан чыкты. Эмне деди?

Алтынбек Сулайманов милициянын сурагынан чыгып, журналисттерге жооп берди.

“Эч кандай далил жок эле, кайрылуунун негизинде гана текшерип коёлу деген экен. Туйгунаалы Абдраимов менен да, Курсан Асанов менен да жолугуп да, телефондон сүйлөшүп да көргөн эмесин. Жөн гана бул жакта саясий оюн кылып жатышат окшойт” деди.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов менен Жанар Акаев милицияга сурак берүүгө кирип кеткен. Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абраимов да сурак берип жатат. Ошондой эле интернетке тараган видеодо Алмаз Сариев аттуу жарандын да суралып жатканы боюнча маалыматтар тараган.  Видеодо бийликти басып алуу боюнча сөз болгон.

Буга чейин Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айыпталып кармалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>