Бакиев: Кыргызстанда болуп жатан окуяларды жүрөгүм ооруп, оор кабыл алдым

Бакиев: Кыргызстанда болуп жатан окуяларды жүрөгүм ооруп, оор кабыл алдым

Беларуста жашаган Кыргызстандын мурдагы качкын президенти Курманбек Бакиев өлкөдө болуп жаткан окуяларга карата тынчыздануусун билдирген. Бул тууралуу РИА новости басылмасы жазды.

“Мен өз өлкөмдө болуп жаткан окуяларды жүрөгүм ооруп, оор кабыл алдым. Учурда менин сөзүмдү ар кандай күчтөр абалды козутууга колдонуп кетпеши үчүн мен бул окуялар боюнча пикир билдирүдөн карманып турам”, ­­– деген ал.

Белгилей кетсек, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар митингге чыккан. Митингчилер 6-октябрга караган түнү  Ак үйдү басып алышып, өлкөдөгү саясий кырдаал туңгуюкка такалды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>