Беш жылга азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасы бекитилди

Беш жылга азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасы бекитилди

2019-2023-жылдарга Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасы бекитилди. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Аталган программа өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана республиканын азык-түлүк рыногунун ички жана тышкы коркунучтарына ыкчам аракеттерди көрүү максатында кабыл алынды.

Ушул программада саламаттык сактоо, билим берүү, экономикалык жана социалдык тармактарын өнүктүрүү, интеграцияланууга тийиш болгон талаптар жана чектөөлөр аныкталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>