Бишкек эт комбинатынын электр жарыгына карызы 1.5 млн сомго жеткен

Бишкек эт комбинатынын электр жарыгына карызы 1.5 млн сомго жеткен

Бишкек эт комбинаты карызын төлөбөгөндүгү үчүн электр жарыгы өчүрүлдү. Ишкананын карызы 1 миллион 42,5 миң сомго жеткен. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

ААК белгилегендей, буга чейин заводдун башкы директору менен электр энергиясы үчүн карызды төлөөгө  “бөлүп төлөө” боюнча келишим түзүлгөн. Буга карата милдеттенмелер аткарылбагандыгы  электр энергиясынын өчүрүлүшүнө алып келген.

Кечээ «Түндүкэлектр» ишкаканасы дебитордук карызы бар  720  колдонуучунун жарыгын өчүргөн.

ААК коому төлөмдөрдү  өз убагында төлөөгө чакырды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>