Элмирбек Иманалиевдин ысымын Киев көчөсүнө ыйгаруу сунушталды — сүрөт

Элмирбек Иманалиевдин ысымын Киев көчөсүнө ыйгаруу сунушталды — сүрөт

Белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин ысымын Бишкек шаарындагы Киев көчөсүнө ыйгаруу демилгеси көтөрүлүүдө.  Бул тууралуу “Репортерго” аталган сунуштун демилгечиси Алмаз Абдисияев билдирди.

Ал бул маселени Элмирбек Иманалиев каза болгондон бери эле көтөрүп келгенин, тийиштүү реакция болбогондон кийин расмий кайрылууларды жолдоп жатканын айтты.

“Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгын, кыргыз мадаиятына кандай салым кошконун баарыбыз билебиз. Анан ушундай адамдын ысымы көрүнүктүү бир жерге берилсе эмнеге болбосун? Мен Киев көчөсүнүн атын Элмирбек Иманалиев атындагы көчө деп өзгөртүүнү сунуштап жатам. Бул көчөнүн башы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы көчө менен башталып, Темиркул Үмөталиев, Жусуп Турусбеков, Калык Акиев, Манас көчөлөрү менен кесилишет. Ушундай залкар инсандардын ысымына катарлаш Элмирбек Иманалиев атындагы көчө болсо кандай жакшы болмок. Мен расмий түрдө бул кайрылууларды Бишкек шаардык кеңешине жана шаар мэри Балбак Түлөбаевге жана Осмон Турдумамбетовго жолдодум», — дейт Абдисияев.

Белгилей кетсек, залкар төкмө Элмирбек Иманалиев былтыр, 2020-жылдын 20-апрелинде 42 жашында көз жумган.

[su_image_carousel source=»media: 55025,55014,55013″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>