Канат Исаев “Үмүт 2020” кыймылын сотко берет

Канат Исаев “Үмүт 2020” кыймылын сотко берет

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев “Үмүт 2020” кыймылынын негиздөөчүсү Ширин Айтматованы сотко берет. Бул тууралуу Исаев  “Азаттыктын” 2Х1 берүүсүндөгү маегинде билдирди.  

“Сатылганы чын. Түшүндүрүп берсем, биз китепкананы саткан жокпуз, мурунку китепкананы саттык. Мага чейинки мэрдин кайрылууснун негизинде 2008-жылы аталган китепкананы Токмок шаардык кеңеши тарыхий-маданий имараттардын тизмесинен чыгарган. Ошол эле шаардык кеңеш китепкананы сатыла турган имараттардын тизмесине киргизген. Айтматова айтып жатат, «соттун чечими менен сатылган» деп. Эми Айтматова айткан сөздөрүн сотто далилдеп берсин. Ал имарат тарыхий-архитектуралык имараттардын тизмесине киргизилген эмес”, — деген ал.

Белгилей кетсек, “Үмүт 2020” кыймылы атайын иликтөө даярдап, Канат Исаев Токмокто мэр болуп турган учурда шаардын аймагындагы 100 жылдык тарыхы бар китепканын сатып жибергенин баяндаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>