Казандагы мектепте ок атылып 11 адам каза болду

Казандагы мектепте ок атылып 11 адам каза болду

Орусиянын Казань шаарындагы мектепте ок атылып 11 адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, окко учкандардын көпчүлүгү жаш балдар. Эки окуучу үчүнчү кабаттан секирип көз жумган.

Алдын ала маалымат боюнча эки өспүрүм ок чыгарган. Алардын бири кармалган, экинчиси атып өлтүрүлдү.

Мектептен сыртка чыгарылган балдар менен психологдор иштеп жатканы кабарланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>