Манас жолу: Аялды өлтүрө сүзгөн айдоочу камакка алынды

Манас жолу: Аялды өлтүрө сүзгөн айдоочу камакка алынды

Манас айылынын жанында жөө адамды сүзгөн мотоциклдин айдоочусу Сокулук районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 19 -сентябрда саат 19:30 чамасында Сокулук РИИБге Манас айылынын жанынан мотоциклдин айдоочусу жөө адамды сүзүп кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн.

Алынган маалыматка караганда, Сокулук районунун ИИБнүн тергөө иштерин жүргүзгөн.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш — жаза кодексинин 297 (Жол кыймылынын коопсуздугу жана автотранспорт каражаттарынын иштөө эрежелерин бузуу) боюнча кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда 1992 -жылы туулган мотоциклдин айдоочусу Н.Ф. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бардык керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Белгилей кетсек, айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жатып, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 50 жаштардагы аялды сүзгөн. Натыйжада алган жаракаттарынын негизинде жабырлануучу окуя болгон жерден мүрт кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>