Өлкөдө үй-бүлөдөгү каражаттын тартыштыгынан 201 бала мектепке бара албай калган

Өлкөдө үй-бүлөдөгү каражаттын тартыштыгынан 201 бала мектепке бара албай калган

Республика боюнча райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан үй-бүлөдөгү материалдык кыйынчылыктардан улам мектепке барбаган 6 жаштан 17 жашка чейинки 201 бала аныкталган. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас облусунда 70 бала, Ысык-Көл облусунда 37, Чүй облусунда 31, Баткен облусунда 24, Жалал-Абад облусунда 10, Нарын облусунда 9, Ош облусунда 5, Бишкекте 9 бала, Ошто 6 бала мектепке барбайт.

Ошондой эле бул балдарга керектүү кийим-кече, мектеп формасы жана канцелярдык буюмдарды алуу үчүн президенттин резервдик фондунан беш миллион сом бөлүнгөнү айтылды. Социалдык кызматкерлер бул каражаттар балдарды мектепке кайтаруу үчүн иштетилип жатат дешти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>