Өзгөндө мектептин 2-кабатынан секирген окуучу ооруканага түштү

Өзгөндө мектептин 2-кабатынан секирген окуучу ооруканага түштү

Ош облусунун Өзгөн районунда окуучу мектептин 2-кабатынан секирип кеткен. Бул тууралуу облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-майда саат 11:40тар чамасында Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын 16 жаштагы тургуну денесинен жараат алып, ооруканага кайрылгандыгы жөнүндө милицияга маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган тергөө кызматы, 17-майда саат 08:00дөр чамасында Өзгөн районунун Мырза-Аке айылындагы №3 М.Нурбаев атындагы орто мектептин 2-кабатынан өспүрүм белгисиз себептерден улам секиргенин аныктаган.

Күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө ылайык, Б.Ж. өзүнөн-өзү экинчи кабаттан секирип жибергендигин, эмне үчүн секиргендигин сураганда өзүн текшерип көрмөкчү болгонун айткан. Ошол эле учурда жабырлануучунун атасы арыз менен кайрылып, арызда баласы жөндөн-жөн терезеден секирбей турганын, мектепте ага карата терс мамиле же өзүнүн жанын кыюуга мажбур кылуучу аракеттер болушу мүмкүн деген жүйө менен кайрылган.

Аталган факты Жазык кодексинин 137-беренесинин 1-пунктунда каралган кылмыш белгилери менен катталган. Сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө иштери уланып жатканы айтылат.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>