Сокулукта мал уурдагандар кармалды

Сокулукта мал уурдагандар кармалды

Чүй облусунун Сокулук районунда мал уурдоого шектелип, 3 адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Асылбаш айылынын тургуну анын 15 жандыгын уурдап кеткенин айтып, милицияга арыз менен кайрылган. 

Окуя боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, шектүү катары 29 жаштагы С.Ж., 19 жаштагы Ш.А. жана 31 жаштагы Б.К. аттуу адам кармалган. 

“Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган адамдардын дагы 21 мал уурулук фактысына тиешеси бар экени аныкталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат”, — деп айтылат маалыматта.  

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>