Таласта Улуттук көчмөндөр оюну: Көрүүчүлөргө толук шарт түзүлбөй убактысы жылдырылды (фото)

Таласта Улуттук көчмөндөр оюну: Көрүүчүлөргө толук шарт түзүлбөй убактысы жылдырылды (фото)

Таласта Улуттук көчмөндөр оюндары саат 16.00гө жылдырылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.

Ипподромдо ат оюндары саат 10.00дө башталмак. Бирок курулуш иштери өз убагында бүтпөгөндүктөн убактысы жылдырылган.

Аталган агенттиктин маалыматы боюнча,  спортчулар учурда даяр. Көрүүчүлөргө толук шарт түзүлбөгөндүктөн 16:00гө жылдырылды. Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик оюн өтчү жерди спортчуларга жогоруда айтылган убакытка даярдап берүүнү айтышкан.

Сүрөт: Аскарбек Сүйүнали уулу
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>