Сүткорлукка шектелген Mуфтияттын башкы эсепчиси үй камагына чыкты

Сүткорлукка шектелген Mуфтияттын башкы эсепчиси үй камагына чыкты

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын (муфтият) башкы эсепчиси Жеңишбай Бекиев үй камагына чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын бөгөт чарасы 11-мартта каралып, үй камагына чыккан. Ал 12-февралда Биринчи май райондук сотунун чечими менен 10-апрелге чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалган.

Белгилей кетсек, Муфтияттын жетекчилиги зыяратчылардын акчасынан жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өздүк максаттарына жумшагандыгы аныкталганы айтылган. Шектүү катары Мусулмандар дин башкармалыгынын башкы эсепчиси кармалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>