Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министрин кабыл алды

Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-августта, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 10-жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты тең кызыктырган башка чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы кыргыз-өзбек мамилелеринде эки тараптуу кызматташуунун дээрлик бардык багыттарында болуп көрбөгөндөй оң өзгөрүүлөр болгонун айтып, мындай биргелешкен ийгиликтерде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин өзгөчө маанилүү ролун баса белгиледи.

Садыр Жапаров акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы өз ара сооданын ырааттуу өсүүсү байкалганына канааттануу менен токтолуп, бүгүнкү талкууланган маселелер жана жетишилген келишимдер эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн деңгээлинде толук ишке ашат деген бекем ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Президент Шавкат Мирзиёевдин дубай саламын айтып, Садыр Жапаров мамлекет башчысын президенттик шайлоодогу ийгиликтүү жеңиши менен биринчилерден болуп куттуктаганын белгиледи. Бул – эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин бийик деңгээлинин жана боордош Кыргызстандын бекем колдоосунун дагы бир далили.

Муну менен катар Өзбекстандын премьер-министри президент Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында кабыл алынган тарыхый чечимдерге басым жасады. Анын ичинде, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аяктаганына токтолду.

Баарлашуунун жүрүшүндө Абдулла Арипов Өзбекстан боордош Кыргызстандын жетишкен ийгиликтерине, өлкө экономикасынын туруктуу өнүгүшүнө чын дилинен кубанарын айтып, экологиялык заманбап Асман шаарынын курулушунун башталышын мамлекеттин ийгиликтүү өнүгүүсүнүн айкын символу катары сыпаттады.

Жолугушууда тараптар эки элдин бакубатчылыгын жана бир туугандык байланыштарын чыңдоого багытталган биргелешкен мерчемдер менен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>