Сузактын тургуну короосуна 2 кг баңгизат катып койгон

Сузактын тургуну короосуна 2 кг баңгизат катып койгон

Сузак районунда жергиликтүү тургунунун үйүнөн 2 килограммга жакын баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-июлда милицияга Сузак районунун аймагында «А» аттуу жаран ири өлчөмдө баңгизатын сатып жана таратып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «А» аттуу жарандын өздөгү аныкталып, ал Сузак айылынын тургуну 1997-жылы туулган Х.Т.А. болуп чыккан.

«11-август күнү шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда короосундагы сарайдан каптарга салынган банкалардын арасынан 2 даана скочт менен оролгон өзгөчө кескин жыты бар салмагы болжол менен 2 килограммга жакын баңгизаты табылды», — деп айтылат маалыматта.

Алынган заттарды так аныктоо максатында атайын соттук-химиялык экспертиза дайындалып, шектүү райондук милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>